Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 01:50

Ливанда өкмөткө каршы нааразылык акциялары жанданды


Негизинен жаштар бийликтин социалдык маселелерди чечүүгө жөндөмсүздүгүнө, кеңири жайылган коррупцияга, жумушсуздукка каршы чыгышууда.

Бейрутта 14-январда демонстранттар машинелердин дөңгөлөктөрүн өрттөп, кан жолдордогу кыймылды бууп салышты.

Октябрдын ортосунан бери Ливанда жалпы улуттук нааразылык акциялары тынчыбай келатат. Алгач элдин козголушуна «WhatsApp» жана башка мессенжерлер аркылуу чалуу үчүн акы алуу тууралуу чечим себеп болгон. Бийлик бул сунушунан баш тартканы менен демонстранттар экономикалык абалды оңдоону, коррупцияны жоюуну, бийликтеги элитаны жапырт алмаштырып, техникалык өкмөт түзүүнү талап кыла башташкан.

Премьер-министрлик кызматка көрсөтүлгөн Хасан Диаб жаңы кабинетти түзө албай жатат. Саясий кризис ансыз да чабал экономикага залакасын тийгизип, акыркы бир нече жумада жергиликтүү валюта АКШ долларына карата наркын дээрлик 60% жоготту.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, Ливандын 10 миллионго чукул элинин төрттөн бир бөлүгү жакырчылыкта күн көрөт. Финансы министрлиги былтыр жыл аягында өлкөнүн тышкы карызы 86 млрд. долларды түзөрүн билдирген.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG