«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 15-январда кээ бир райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1;
Таласта түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;
Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -7…-12;
Бийик тоолуу райондордо -18…-23, күндүз -8…-13 градус болот.
Бишкек шаарында абанын түнкү төмөнкү температурасы -8…-10°, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2 градус болот.