Соңку бир күндүн ичинде Кашмирдин Пакистан көзөмөлдөгөн аймагында кар аралаш жааган катуу жамгырдан улам жер көчүп, кеминде 55 адам мерт болду, дагы бир канча кишинин дайыны чыкпай жатат.
Пакистандын бийлиги Нилум өрөөнүндө жер көчкүнүн айынан жолдор буулуп, жергиликтүү тургундар камалып калганын айтты. Гималайда кар, жер көчкүлөр маал-маалы менен болуп турат.
Индия бийлиги Кашмирдин өздөрү башкарган аймагында көчкүнүн айынан бери дегенде он адам өлгөнүн маалымдады.
Катаал аба ырайынан улам акыркы күндөрү Пакистан менен Ооганстанда ажал тапкандардын саны 100дөн ашты.