Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Боронов: инвестор көрсөк «ууру келди» деген мамилеге өтүп алдык


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстанга инвесторлордун келбей жатышынынын айрым себептери - өлкө тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан терс маалыматтар менен митингдер деп эсептейт.

Бул тууралуу ал 14-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында сүйлөп жатып айтты. Ал «Ачык асман» саясаты боюнча мыйзам кабыл алынганы менен Кыргызстандын авиация тармагы ордунан жылбай жатканы боюнча депутаттын суроосуна жооп берип жатып мындай деди:

- Биз жарым жылдан бери инвесторлорду «Кыргызстанга келгиле, силер үчүн бейиш даярдап койдук» деп калпты-чынды кошуп айтып чакырып жатабыз. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттарын, башка жакты карасак деле «кокуй, Кыргызстан өлдү, Кыргызстан жаман, артка кетти» деп жатсак бирөө келеби? Мекенчилдик кылып «Кыргызстан жакшы» деп анча-мынча болсо да аралаштырып сүйлөбөйлүбү? Башка мамлекеттерге салыштырмалуу бизде элдин жашоосу кудайга шүгүр. Инвесторду көрсөк эле «ууру-кески келди, биздикин уурдаганы жатат» деген мамилеге өтүп алдык.

Ал Бишкекти каптаган кара түтүн үчүн да, майда-барат маселелер боюнча да митингдерди уюштура берип инвесторлор Кыргызстанга акчасын салуудан коркуп жатканын айтып, аларга мамилени өзгөртүүгө чакырды.

Боронов ушул эле комитеттин жыйынында Кыргызстанда элдин жашоо шарты кыйла жакшырганын билдирип, учурда эл бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларга ат, эшек минип келбей машине айдап келип калганын мисал кылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG