Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

Жалал-Абадда убактылуу кармоочу жайдагы шектүү асынып алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шаардагы убактылуу кармоочу жайда 2018-жылдан бери кармалып келе жаткан 43 жаштагы шектүү асынып алганын облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 14-январда катталган. Сөөккө сыртынан кароо жүргүзгөн учурда анын кара жипке асынып алганы жана денесинде так жок экени аныкталды. Маалыматка ылайык, бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн негизинде тергөө жана кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

Маркум милициянын мурдагы кызматкери болгондуктан, камерада жалгыз кармалып турган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси, "Документтерди мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү мыйзамсыз даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу", "Ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү", "Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизаттарын мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу же жөнөтүү", "Каракчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Райондук сот тарабынан кылмышка шектүү жети жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискация болгон. Учурда апелляциялык даттануу Жалал-Абад облустук сотунда каралып жаткан. Ал 2002-2006-жылдары ички иштер органдарында иштеген. (RsK)

XS
SM
MD
LG