Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 26-январь, 2020 Бишкек убактысы 15:27

Демократтар Трамптын импичменти боюнча жаңы документтерди таап чыгышты


Дональд Трамп.

Демократтар партиясы президент Трампка импичмент жарыялоо боюнча соттук териштирүү башталардын алдында жаңы документтерди жарыялады. Өкүлдөр Палатасындагы Чалгындоо комитети Конгресске Трамптын адвокаты Руди Жулианинин Лев Парнас менен сүйлөшкөндөрү камтылган документтерди жиберди. Бул документтер сотто Трампка каршы далил болуп бере алары айтылууда.

Анда СМС билдирүүлөр, электрондук кат жана телефон менен сүйлөшүүлөр камтылган. Сүйлөшүүлөрдө вице-президент Жо Байдендин иши боюнча Зеленский менен сүйлөшүү тууралуу айтылган.

Былтыр атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. АКШ президенти мындай дооматтардын баарын четке каккан.

Демократтар үстөмдүк кылган Өкүлдөр Палатасы 18-декабрда «Трамп кызматынан кыянат пайдаланган» жана «Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук жараткан» деген резолюцияны кабыл алып, импичмент жарыялаган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG