Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы мигранттарга жасалма документ жасап жүргөн кылмыштуу топту кармаган. Анда шылуундар жок фирмалар аркылуу Борбор Азиядан барган мигранттар үчүн эмгек келишимдерин жасап, миграциялык каттоого коюп жүрүшкөнү аныкталган. 2018-жылдан берки аралыкта шылуундар эки миңден ашуун мигрантка документ жасап жетишкен. Алардын турган үйүн жана кеңсесин тинтүү учурунда 100дөн ашуун жасалма документтер, жасалма мөөрлөр менен кыргызстандык жарандарга тиешелүү он чакты паспорт табылган. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Бул маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ырастады. Ага ылайык, табылган паспорттордун ээлери жана бул фирма аркылуу алданган кыргызстандыктар иликтенип жатат.
Мигранттарга жасалма документ жасаган ишкана ээлерине каршы кылмыш иши козголду. Учурда бул ишке тиешеси бар дагы эки киши издөөгө алынган. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, мыйзамсыз миграция менен алектенгендер жети жылга чейин эркинен ажыратылат. (ZKo)