Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Алмазбек Атамбаев 15-мартка чейин камакта калды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Биринчи май райондук сотунун көчмө соту УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн эки айга узартты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Адвокат сот чечимин жокко чыгаруу боюнча жогорку инстанцияга кайрыларын айтты.

Атамбаевдин адвокаттары анын саламаттыгына байланыштуу тергөө абагына кармоого мүмкүн эмес экенин да айтып жатышат.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Сөз болуп жаткан иш боюнча мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, ондон ашуун мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG