Ирандын президенти Хасан Роухани украиналык учактын атып түшүрүлгөнүнөн улам тутанган нааразылык акцияларына байланыштуу 15-январда телеканал аркылуу кайрылуу жасады. Анда ал элди «сабырдуулукка жана биримдикке» чакырды. Ал учак кырсыгына күнөөлүүлөр «кечирим сурашы керек» экенин билдирди.
Мындан бир күн мурда «Украинанын эл аралык аба жолдоруна» таандык учакты атып түшүрүүгө күнөөлүү деген шек менен бир канча адам камакка алынганы белгилүү болгон. Бирок Тегеран кармалгандардын санын жана кимдер экенин маалымдаган эмес. Ага чейин Хасан Роухани атайын кайрылуу таратып, 176 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгын иликтеш үчүн атайын сот түзүүнү сунуш кылган жана «кечирилгис катага жол бергендердин баары жазасыз калбайт» деп убада берген.
Иранда 11-январдан бери учактын атып түшүрүлгөнүнө байланыштуу өкмөткө каршы нааразылык акциялары токтой элек. Анда Ирандын бийлигин, анын ичинде жогорку руханий лидер аятолла Али Хаменеини сындаган пикирлер айтылып жатат.
8-январда таңга маал Тегерандан Киевге жол тарткан учак асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй эле кулап түшкөн. Ичиндегилердин бирөө да аман калган эмес. Иран бийлиги төрт күндөн кийин учакты «кокусунан» атып алганын мойнуна алган. Кырсык Тегеран Ирактагы АКШ аскерлери жайгашкан базаларга сокку ургандан бир нече сааттан кийин болгон.