Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 22-январь, 2020 Бишкек убактысы 09:10

Беларус Европадан мунай сатып алуунун жолдорун издеп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Беларустун жетекчилиги мунай сатып алуу жөнүндө сунуш менен Европадагы бир катар өлкөлөргө кайрылды. Вице-премьер-министр Дмитрий Крутой жергиликтүү компаниялар чет өлкөдөгү өнөктөштөр менен сүйлөшө баштаганын маалымдады. Андан сырткары Беларусь Украина, Польша, Балтика мамлекеттери, Казакстан жана Азербайжан менен кызматташуу жолдорун карап жатканын айтты.

Орусия ушул айдын башынан тартып Беларустун мунай заводдорун чийки мунай менен камсыздоону токтотуп койгон. Москва менен Минскинин ортосундагы мунай келишиминин мөөнөтү 1-январда аяктаган. Эки тарап жаңы макулдашуу боюнча мунаса таба алган эмес.

Беларусь менен Орусиянын президенттери Александр Лукашенко менен Владимир Путин өткөн айдын башында Сочиде жолугушкан. Тараптар беш сааттан ашык сүйлөшкөнү менен ортодогу талаш-тартыштуу маселелер боюнча мунаса табышкан эмес.

Беларус Советтер Союзу ыдырагандан бери мамлекеттин чектөөлөрүнөн бошоно албай келе жаткан экономикасын кармап туруш үчүн Москванын арзан мунайы менен субсидияларына муктаж.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG