АКШда Демократиялык партиянын атынан президенттик шайлоодо ат салышууну көздөгөн саясатчылар дебатка чыгышты. Талапкерди аныкташ үчүн ички партиялык шайлоо 3-февралда башталат.
Айова штатындагы дебатка Жо Байден, Берни Сандерс, Элизабет Уоррен, Эми Клобучар, Пит Буттижич жана Том Стейер чыкты.
Мурдагы вице-президент Жо Байден «Вашингтон Жакынкы Чыгышта колдоодон айрылып калды» деп президент Дональд Трамптын Ирандагы аракеттерин сындады.
Байдендин негизги атаандашы сенатор Берни Сандерс Ирактагы согушка каршы чыкканын эске сала кетти.
Трамп Милуокиде шайлоо алдындагы жолугушуу маалында демократтарды сындап, Сандерс жана солчул радикалдар өлкөнү коргой албай турганын айтты.
Ал ирандык генерал Касем Сулейманинин көзүн тазалоо боюнча чечимди коргоп, «демократтар аны жок кылган чечимге эмес, генералдын кылмыштарына нааразылыгын билдириши керек эле» деди.
Демократтар өз талапкерин июлдагы курултайда аныкташмакчы. Республикачыларда болсо Трамп менен таймаша турган популярдуу атаандаш чыккан жок.