Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Путин балдардын төрөлүшүн кескин көбөйтүүгө чакырды


Бул Владимир Путиндин президент катары Федерация Кеңешиндеги 16-кайрылуусу.
Бул Владимир Путиндин президент катары Федерация Кеңешиндеги 16-кайрылуусу.

Орусиянын президенти Владимир Путин 15-январда Федерация Кеңешинде элге кезектеги, 16-кайрылуу менен чыкты. Анда өлкөдөгү демографиялык абалга кеңири токтолуп, балдар өтө аз төрөлүп жатканын айтты. Путин буга байланыштуу «Энелик капитал» программасы 2026-жылга чейин узарарын, бюджеттен балдар үчүн жаңы жөлөк пул каралганын белгиледи.

Ага ылайык, эмдиги жылдан тартып Орусияда «энелик капитал» тун баласын төрөгөн аялдарга бериле баштайт жана эки балалуу болгон үй-бүлөлөргө үчүн бул каражаттын суммасы көбөйөт.

Путин өз кайрылуусунда балдардын төрөлүшүн көбөйтүш үчүн жакыр үй-бүлөлөр балдары жети жашка чыкканга чейин жөлөк пул төлөөнү сунуш кылды. Ал аткаминерлерге кайрылып, жөлөк пул алуунун жол-жобосун, түйшүгүн азайтууга чакырды.

Путиндин кайрылуусу Москванын Украинадагы жана Сириядагы аракеттеринен улам, АКШдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө таасир этти деген дооматтарга байланыштуу Орусия Батыш мамлекеттеринин санкциясына кабылган маалга туш келди. Адистердин айтымында, бул санкциялар өлкө экономикасына кедергисин тийгизди жана мындан улам жакырчылык көбөйдү.

Өткөн жылы май айында Жалпы орусиялык коомдук пикирди сурамжылоо борбору Путиндин эл арасындагы кадыр-баркы кетип, 32% түзүп калганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG