Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Зеленский Меркел менен Украинанын чыгышындагы чатакты сүйлөштү


Владимир Зеленский менен Ангела Меркел.
Владимир Зеленский менен Ангела Меркел.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 15-январда Германиянын канцлери Ангела Меркел менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда эки өлкөнүн лидерлери Орусия колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк жана Луганск облустарындагы соңку жагдайды талкуулашты.

Украинанын президентинин расмий сайтындагы маалыматка караганда, Зеленский Меркелге өткөн жылдын аягында Парижде «Норманд төрттүгү» форматындагы саммитке катышканы үчүн ыраазычылык айтып, бирок «Украинанын чыгышында ок атууну толук токтотуу» боюнча келишимдин жобосу аткарылбай жатканына кабатырлыгын билдирди.

Үч тараптуу (Украина, Орусия жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) байланыш тобунун кезектеги жолугушуусу 16-январда Минскиде өтөрүн белгиледи.


Меркел өз кезегинде 176 адамдын өлүмү менен аяктаган, Иранда атып түшүрүлгөн украиналык учакка байланыштуу көңүл айтты.

Парижде өткөн айда Украинанын чыгышындагы чырды басууну көздөгөн, Берлиндин, Париждин, Москванын жана Киевдин башын бириктирген «Норманд төрттүгү» форматындагы саммит өткөн. Елисей сарайындагы сүйлөшүү узакка созулуп, тараптар төрт айдан кийин дагы жолугушууну макулдашкан.

Анда Орусия менен Украинанын президенттери Владимир Путин менен Владимир Зеленский биринчи ирет көзмө-көз кездешкенде, 2019-жылдын аягына чейин ок чыгарбоо режимин камсыз кылуу, туткундардын баарын башма-баш алмашуу тууралуу макулдашкан. Өткөн айдын аягында Киев менен өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» деп атап алган жикчилдер өз ара 200 туткунду алмашкан.

XS
SM
MD
LG