Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:49

Трампка импичмент жарыялоо боюнча документтер Сенатка берилди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын Өкүлдөр Палатасы 15-январда президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча документтерди Сенатка өткөрүүгө бир добуштан макулдугун берди. Документтер Конгресстин спикери Нэнси Пелоси түз эфирде кол койгон соң Сенатка жеткирилди. Кол коюунун алдында Пелоси «президент Дональд Трамп АКШнын Конституциясынын алдындагы милдетин аткарган жок» деп билдирип, анын аракеттери өлкөнүн улуттук коопсуздугун «коркунучка кептегенин» айтты. Пелоси Сенат Трамптын импичментин колдоп берет деген ишеничин билдирди:

- Эч ким мыйзамдан жогору эмес, эч кайсы болочок президент «каалаганымды жасай алам» деп ойлонууга да укугу жок, - деген Пелоси бул өлкө үчүн оор жараян экенин кошумчалады.

Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл документтер расмий түрдө сенаторлордун колуна дүйшөмбү күнү тиерин айтып, аны кароо 21-январда башталарын билдирди.

XS
SM
MD
LG