Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 28-февраль, 2020 Бишкек убактысы 21:09

Оппозиция: Путин өз бийлигин кеңейтүүгө кам көрүп жатат


Владимир Путин.

15-январда Федерация Кеңешиндеги кайрылуусунда орус президенти Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу күтүлбөгөн билдирүү жасады. Путин Баш мыйзамды өзгөртүп, президенттин айрым ыйгарым укуктарын Мамлекеттик Думага берүүнү сунуш кылган.

- Бул реформалар саясий системага, мыйзам чыгаруу, сот жана аткаруу бийлигине чоң өзгөрүүлөрдү алып келерин эске алып, Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу бардык маселелер боюнча референдум өткөрүш керек, - деди Путин. Бирок ал референдумду качан өткөрүү тууралуу айткан жок.

2018-жылы президенттик кызматка төртүнчү жолу шайланып келген Владимир Путиндин мөөнөтү 2024-жылы аяктайт. Серепчилер Путиндин реформасы бийликтен кеткенден кийинки учуруна даярдык болушу ыктымал экенин айтышууда. Орус бийлигинин башкы оппоненти Алексей Навальный «Твиттердеги» баракчасына Путин президенттиктен кеткенден кийин да өлкөдө таасирин жана бийлигин сактап калууга аракет кылып жатканын жазды.

Путиндин кайрылуусунан кийин премьер-министр Дмитрий Медведев кабинети менен кошо кызматтан кетти. Анын ордуна президент Федералдык салык кызматынын башчысы Михаил Мишустиндин талапкерлигин көрсөттү.

67 жаштагы Владимир Путин 1999-жылдан бери Орусияда президент жана премьер-министрлик кызматтарда келе жатат.

XS
SM
MD
LG