Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Дача СУ айылындагы авиакырсыкка үч жыл болду


Дача-СУдагы кырсыктан кийин. Январь, 2017-жыл.
Дача-СУдагы кырсыктан кийин. Январь, 2017-жыл.

16-январда Сокулук районунун Дача СУ айылындагы авиакырсыкка үч жыл болот. Кырсыкты эскерүү иш-чаралары тууралуу азырынча расмий маалыматтар жок.

2017-жылы 16-январда таңга жуук түркиялык «Боинг-747-400» жүк ташуучу учагы Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулаган. Авиа кырсык 39 кишинин, анын ичинде балдардын өмүрүн алган. Набыт болгондордун 35и жергиликтүү тургундар, төртөө экипаж мүчөлөрү болгон. Мындан тышкары ондогон турак жай кыйраган.

«Гонконг-Бишкек-Стамбул» багытында бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгону жана ал Бишкекке май куюш үчүн конууга аракеттенгени айтылган.

Учактагы жүктүн арасынан кыргыз тилиндеги нускамалардын табылганы көптөгөн суроолорду жараткан. Бирок «Учактагы жүктүн ээси ким?» деген суроого ушу күнгө чейин жооп табыла элек.

Дача СУ боюнча атайын эсепке элден да 100 млн. сомдон ашуун акча чогулганы расмий кабарланып, бирок ал кандай тартипте бөлүштүрүлгөнү тууралуу ачык маалымат берилген эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG