Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:11

Оренбургда автокырсыктан жети кыргызстандык жабыркады

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Окуя 14-январда эртең менен М-5 «Урал» трассасынын 181-чакырымында болгон. Анда үч автоунаа — эки «Mercedes-Benz Sprinter» менен бир «Honda Stepwgn» кагышкан.

Окуянын кесепетинен сегиз киши - жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу менен «Honda Stepwgn» автоунаасындагы жети кыргызстандык жабыркаган. Алардын үчөө Бузулук районундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө, бешөө хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуяны көзөмөлгө алганын маалымдады.

Буга чейин Кыргызстандан Орусияга автоунаа менен бара жатып кырсыкка учурап, набыт болгондор да катталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG