Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Ленинград блокадасынын курмандыктары эскерилет


Ленинград блокадасынын 75 жылдыгына байланыштуу митинг-реквием. Бишкек, 25-январь, 2018-жыл.
Ленинград блокадасынын 75 жылдыгына байланыштуу митинг-реквием. Бишкек, 25-январь, 2018-жыл.

Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы Ленинград блокадасын эскерүү митинг-реквиеми 16-январда Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы эс алуу багында болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Эскерүү иш-чарасына президенттик жана өкмөттүк аппараттын, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, мэриянын жана шаардык кеңештин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана согуш ардагерлери катышуусу күтүлүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Бишкекте согуштун ардагери 148 болсо, алардын 11и Ленинград блокадасын көргөндөр.

Ленинградды 1941-жылдын сентябрь айында фашисттик Германиянын армиясы курчоого алган. Шаар 1944-жылдын 27-январында гана cовет жоокерлери тарабынан бошотулган. Курчоодо калган Ленинграддан 16 миңден ашуун адам Кыргызстанга көчүрүлгөн. Алардын арасында 3,5 миң бала болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG