Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:41

Тажик парламенти орус тилдүү беш мектеп салууга макулдук берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасы 15-январда орус тилдүү беш мектеп куруу жана аларды материалдык-техникалык жактан жабдуу жөнүндө Орусия менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимди ратификациялады.

Расмий маалыматтарга ылайык, жаңы мектептер Дүйшөмбү, Куляб, Хожент, Бохтар жана Турсунзаде шаарларына салынат. Ар бир мекемеде 1200гө чейин окуучу окуй алат. Орто мектептер жакынкы үч жыл аралыгында пайдаланууга берилет.

Орусия тараптын жардамы менен беш мектеп куруу жөнүндөгү келишимге 2019-жылы апрелде кол коюлган.

Тажикстан билим берүү жана илим министринин орун басары Рахматулло Мирбобоев орус тилдүү мектептер жергиликтүү мугалимдер менен камсыздала турганын айтты.

2017-жылы августта Орусиядан Дүйшөмбү 30, кийинки жылы 48 мугалим келген. Алар республиканын ар кыл шаарларындагы 20 мектепте орус тили жана адабиятынан, математикадан, физикадан сабак беришүүдө. Тажикстанда алар 74 миң рубль (1200 доллар) айлык алышат, анын 14 миңин Тажикстан, 60 миңин Орусия төлөйт.

XS
SM
MD
LG