Өзбекстан калкынын 90% каттоо боюнча бардык чектөөлөрдү жоюп салууну кубаттайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын иликтөөсүндө айтылат.
Иликтөөгө ылайык, Өзбекстанда катталуу маселеси ички миграцияга тоскоолдук кылууда.
Дүйнөлүк банктын адистери катталуу режимин жоюу менен гана урбанизацияны өрчүтүү мүмкүн эмес экенин, бул үчүн шаарларда жеткиликтүү турак жай курууну көбөйтүү зарыл болорун белгилешет. Сурамжылоого ылайык, бул пикирди өзбекстандыктардын 80% колдогон.
Изилдөөчү Уильям Зейтц ири масштабда жеткиликтүү турак жай салып, батирлерди ижарага берүү рыногун түзүүнү, турак жайдын кол тийбестигин камсыз кылууну, турак жай сала турган компанияларга жана сатып алуучуларга субсидия бөлүүнү, шаарды пландаштырууга көңүл бурууну сунуш кылат.
Баяндама Дүйнөлүк банктын расмий сайтында жайгаштырылган. Ал глобалдык жакырчылык жана теңчилик боюнча иликтөөнүн бир бөлүгү болуп эсептелет.