Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:10

Жогорку сот Гойхман боюнча буга чейинки сот өкүмдөрүн күчүндө калтырды


Жогорку сот.
Жогорку сот.

Жогорку сот «Росинбанктын» башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары Андрей Гойхман боюнча Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 5-мартта жана Бишкек шаардык соту ошол эле жылы 16-июлда чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Мындай чечимди Жогорку сот 15-январда кабыл алганын аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык Гойхман Жазык кодексинин «Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазага тартылган жок.

Ал «Кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренеси боюнча айыптуу деп табылып тогуз жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланды жана үч жыл банк тармагында иштешине бөгөт коюлду. Ошондой эле Андрей Гойхман бюджетке 489 млн. 153 миң сом төлөп берди.

Гойхман «үч миллиард сомдон ашык мыйзамсыз акчаны адалдаган» деп айыпталып, 2018-жылы камакка алынган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) Орусиянын аймагында мыйзамсыз табылган акча каражаттарын банктар «Росинбанк» аркылуу офшорлорго чыгарып кеткенин жарыялаган.

Кыргызстандын Улуттук банкы 2018-жылы «Росинбанктын» буга чейин күрөөгө коюлган акцияларын кайра каттоодон өткөрүп, анын жыйынтыгында банктын 71,66% акциясын өз карамагына алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG