Канатбек Азиз берген арызына ылайык Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
«Ата Мекен» партиясынын мурдагы юристи, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Канатбек Азиз бул кызматка 2019-жылы июнь айында келген.
Өкмөт башчынын башка буйругуна ылайык, Саткынай Насбекова Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Жогорку аттестациялык комиссия - өлкөдөгү илимий даражаларды текшерип, ыйгаруучу орган. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 800дөн ашуун илимдин доктору, үч миңден ашуун кандидат бар. (BTo)