Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

АКШ менен Кытай соода келишими боюнча жарым-жартылай макулдашты


Дональд Трамп менен Лю Хэн.
Дональд Трамп менен Лю Хэн.

Вашингтондо 15-январда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Хэн эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык келишимдин биринчи бөлүгүнө кол коюшту.

Документте жакынкы эки жылда АКШнын импортун 200 миллиард долларга көбөйтүү жана кытай товарларына салыкты азайтуу каралган. Андан сырткары интеллектуалдык менчикти коргоо, америкалык өнөр жай, айыл чарба өндүрүмүн сатып алууну көбөйтүү, валюталык көз боёмочулукту токтотуу, тараптардын соода алакаларындагы тең салмактуулукту калыбына келтирүү жана башка маселелер камтылган.

Ошол эле учурда «соода согушунун» убагында киргизилген экспорт тарифтери сакталып калмакчы. Биринчи баскыч тууралуу макулдашуу былтыр декабрда түзүлгөн. Жакында калган пункттар талкууланат деген божомол бар. Вашингтон менен Бээжиндин соода-сатыктагы талаш-тартышы 2018-жылдан бери уланып келатат.

Келишимге кол коюлгандан кийин фондулук биржаларда акциялардын баасы кескин көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG