Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:21

Ошто мурдагы мэрдин инисин сабоо боюнча шектүү эки киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттык» радиосуна Улан Раимбековду ур-токмокко алуу боюнча шектүү катары эки киши кармалганын билдирди.

- Алар Өзгөн жана Алай райондорунун тургундары экен. Шектүүлөр 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын бөгөт чарасын эми сот карайт, - деди Сыдыков.

Мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин аталаш иниси Улан Раимбеков 11-январга караган түнү Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичирайонунда сабалган. Ал жаагы сынып, эриндери жыртылган абалда облустук ооруканага жеткирилген. Ага операция жасалып, учурда дарыланууда.

Жабырлануучунун жакындарынын айтымында, аны «Казак» каймана аты менен таанымал Умар Маратов баштаган топ сабаган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Маратовдун окуяга тиешеси бар-жогун териштирип жатат.

Маратов буга чейин бир канча ирет «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери боюнча соттолуп чыккан. 2019-жылдын октябрь айында жашы жете элек 16 жаштагы кызды зордуктоо боюнча шектүү катары кармалган.

Андан мурда Ош шаарындагы кафелердин биринде 23 жаштагы балага бычак сайып жиберген деп айыпталган. Ал Ош шаардык сотунун чечими менен 2020-жылдын 8-январында үй камагына чыгарылган. (DU)

XS
SM
MD
LG