Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

«Toyota» учуучу машине жасоого 400 миллион доллар бөлөт


«Toyota» үлгүсүндөгү машине.
«Toyota» үлгүсүндөгү машине.

Жапониядагы автоунаа чыгаруучу ири «Toyota» компаниясы «тез жүргөн, катуу үн чыгарбаган жана баасы асман чапчыбаган» учуучу автоунаа жасап чыгарууга киришип жаткан «Joby Aviation» компаниясына 400 миллион доллар инвестиция жумшайт.

Компаниянын президенти Акио Тойода асманды келечекте автоунаалар үчүн да колдонуу алардын узак мөөнөттөгү планы экенин белгиледи.

«Мындай жаңы саамалыкты баштоо менен биз кардарларыбыздын эркин жүрүшүнө, жерде да, асманда да ырахат алышына шарт түзөбүз деп үмүттөнөбүз. Биздин көксөгөнүбүз, көзүбүз асманда», деп айтылат «Toyota» 16-январда тараткан билдирүүдө.

«Toyota» бөлгөн инвестиция ошондой эле «Joby Aviation» компаниясынын электр энергиясы менен жүргөн, жерге тик учак сымал тикесинен конгон, төрт кишилик чакан учак жасоо иштерине да жумшалмакчы.

«Joby Aviation» АКШда 2009-жылы түзүлгөн.

Учуучу машине жасап чыгаруу - бир катар ири автоконцерндердин кыялы.

XS
SM
MD
LG