Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:40

Жамшитов Баткенде жергиликтүү жетекчилерди зекиди


Баткен шаарында өткөн кеңешме. Акрам Мадумаров, Жеңиш Разаков, Өткүрбек Жамшитов жана Орозбек Опумбаев (солдон оңго).
Баткен шаарында өткөн кеңешме. Акрам Мадумаров, Жеңиш Разаков, Өткүрбек Жамшитов жана Орозбек Опумбаев (солдон оңго).

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча 16-январда Баткен шаарында өткөн координациялык кеңешмеде жергиликтүү бийликтин ишин сындады. Ал мыйзам боюнча шаарлар менен райондордо жергиликтүү бийлик күч органдары менен кошо координациялык кеңешмелерди өткөрүп турушу керек экенин айтып, 2019-жылы Баткенде мындай кеңеш аз өткөрүлгөнүн билдирди.

Жамшитовдун маалыматына караганда, былтыр Баткен облусунда 31 кеңешме болгон. Анын ичинен Баткен облустук администрациясында 14, Лейлек районунда төрт, Кадамжайда үч, Баткен районунда төрт, Сүлүктү шаарында төрт жана Кызыл-Кыя шаарында эки жолу координациялык кеңешме өткөн.

- Ызы-чуунун баары Баткен районунда болот. Ал жакта эмне үчүн төрт эле жолу кеңешме болгон? Жетекчилердин жоопкерчилиги эмне үчүн көтөрүлбөйт? А биздин президентибиз Сооронбай Шарипович чек арага жүрөгү менен жан тартып жатат. Тажикстандын президенти менен сүйлөшүп, «маселени чечели» деп жатат. Бизди ошондуктан «маселени жеринде барып көрүп, чечкиле» деп жөнөттү. Бул жакта жергиликтүү бийлик болсо «баарын Бишкек чечет» деп отурат. «Бишкек чечет» деген менен бул жактагы жетекчилердин да жоопкерчилигин көтөрүш керек да! Мыйзамдын талабы боюнча «мыйзам аткарылбаса жетекчи жоопкерчиликке тартылат» деген жери бар. Жазык кодексинде «Шалаакылык» деген берене бар. Ишти козгоп туруп тергөөчүнүн кабинетине саргайтып күттүрүп коём, - деди Жамшитов.

16-январда Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында күч түзүмдөрүнүн башчылары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан координациялык кеңешме өттү.

Анда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров 2019-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14 ирет чыр-чатак чыгып, анын 11и Баткен районунун, үчөө Лейлек районунун аймагында катталганын жарыялады. Чек арада чыккан чатактын сегизинде жергиликтүү эки эл тарабынан ок атылган. Чек ара аймагында тажик жарандары тарабынан 37, кыргыз тараптан 10 мыйзамсыз курулуштарды куруу катталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG