Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Айсулуу Тыныбекова Италияда өткөн мелдеште алтын байге алды


Беттеш учуру. Италия. 16-январь, 2020-жыл.
Беттеш учуру. Италия. 16-январь, 2020-жыл.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Италияда ушул күндөрү өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медал тагынды. Рим шаарында өтүп жаткан Matteo Pellicone аталышындагы мелдеште Тыныбекова 16-январда кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, жалпсынан төрт беттеш өткөрдү. Ал катары менен кытайлык жана америкалык эки балбан кызды жеңип, финалга чыкты. Ал эми алтын байге үчүн таймашта Айсулуу орусиялык Любовь Овчарованы 7:2 эсебинде утуп, алтын медал тагынды.

Айсулуу Тыныбекова мындан төрт күн мурда Түркияда өткөн Yasar Dogu турниринде дагы жеңүүчү болгон.

Айсулуу Тыныбекова 27 жашта. Ал Азиянын үч жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону жана бир катар эл аралык абройлуу мелдештердин жеңүүчүсү.

2020-жылдын башында Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюму жарыялаган дүйнөлүк рейтингде ал 62 килограммга чейинки салмактагы балбандардын көч башын жетектеген. Аталган рейтинг былтыркы жылы болгон дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен түзүлгөн. (ECh).

XS
SM
MD
LG