Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:03

Орусиянын түзөтүү мекемелеринде 1405 кыргызстандык бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул 2019-жылдын 31-декабрына карата алынган маалымат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, алардын көпчүлүгү атайылап жасаган кылмыштары үчүн айыпталган. Элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, түзөтүү мекемелериндеги кыргызстандыктардын 98% өз мекендештерине карата жасаган кылмыштары үчүн айыпталышкан.

Маалыматта айтылгандай, элчилик Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү менен чогуу дайынсыз жоголгон жана издөөгө алынган жарандарды иликтөө, түрдүү документтерди мыйзамсыз даярдоону токтотуу жана алдын алуу боюнча иш жүргүзгөн.

Былтыр жалпысынан элчиликтин жардамы аркасында Орусияда түрдүү себептер менен көз жумган 140 мигранттын сөөгү мекенине жөнөтүлдү.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Орусияда жүргөн кыргызстандык мигранттардын саны 1 млн. 200 миңдин айланасында.(ZKo)

XS
SM
MD
LG