Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Пакистан: Ооган талибдери зомбулукту азайтууга даяр


Залмай Халилзад талибдер менен сүйлөшүү учурунда. Катар. 8-июль, 2019-жыл.
Залмай Халилзад талибдер менен сүйлөшүү учурунда. Катар. 8-июль, 2019-жыл.

Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши муну талибдер менен АКШнын ортосундагы тынчтык келишимине карата ташталган "кадам" деп билдирди. Ал бул тууралуу 16-январда видеокайрылуу аркылуу маалымдады.

"Бүгүн кыйла жылыш болду. Талибдер зомбулукту азайтууга даяр экенин айтышты. Бул менин оюмча тынчтык келишимине ташталган кадам болду" деди ал.

Өткөн жылы Исламабад Катарда талиптер менен АКШнын сүйлөшүү жүргүзүүсүн жеңилдетүүгө жардам берген. Бирок сүйлөшүүлөр бир нече жолу үзгүлтүккө учураган.

AP жана AFP агенттиктери согушчандарга шилтеме кылып, талибдер АКШнын чабарманы Залман Халилзадка жети-он күн ичи ок атышпай, элдешүү тууралуу сунуш жазылган документ бергенин жазып чыгышты. Документ Халилзадга 15-январь күнү Катарда берилген.

XS
SM
MD
LG