Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Трамптын импичментине байланыштуу документтер Сенатка тааныштырылды


Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пэлоси импичмент тууралуу документке кол коюп жаткан учур. Вашингтон. 15-январь, 2020-жыл.
Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пэлоси импичмент тууралуу документке кол коюп жаткан учур. Вашингтон. 15-январь, 2020-жыл.

Сенат бул маселени 21-январдан тарта карайт. 16-январда Жогорку соттун судьясы Жон Робертс ант берди. Ал импичмент боюнча ишти кароодо төрагалык кылат. Андан тышкары 100 сенатор да ант беришти. Алар президент Трамптын бийлигинен кыянат пайдаланган жана Конгресстин ишине тоскоолдук кылган деген дооматтардын чын-төгүнүн аныкташат.

Сенаторлор бул иште соттук коллегия мүчөлөрүнүн, ал эми конгрессмендер айыптоочу тараптын ролунда болушат. Буга чейин конгресс импичмент тууралуу ишти Сенатка жиберүүгө макулдугун берген.

Сенаттагы көпчүлүк - Дональд Трамп президенттикке шайланган Республика партиясынын мүчөлөрү. Конгресстеги республикачылардын эч кимиси Трампты айыптоого кошулган эмес. Серепчилер Сенатта Трамп акталып чыгышы ыктымалдыгын айтышууда.

XS
SM
MD
LG