Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Журналист Болот Темиров өзүнө кол салгандардын бирин тааныды


Болот Темиров.
Болот Темиров.

"FactCheck" порталынын редактору, журналист Болот Темиров өзүнө кол салган деген шек менен кармалган төрт кишинин ичинен бирөөнү тааныды. Бул тууралуу ал өзү "Азаттыкка" билдирди:

- 16-январда милицияга чакырып, шектүүлөрдү көрсөтүштү. Ичинен бирөөнү тааныдым. Калган үчөөнү кол салуу учурунда көргөн жок элем, тааный албадым.

Болот Темировдун маалымдаганына караганда, кол салуу учурунда жоголгон телефону табыла элек. Журналист өзүнө кол салууну кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштыруудан жазбай турганын кошумчалады.

«FactCheck» порталынын редактору Болот Темировго 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабап кетишкен. Темиров бул кол салууну «FactCheck» порталы жарыялаган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын буюмдары жөнүндө иликтөөгө байланышы мүмкүн деп божомолдогон.

Бул иш боюнча шектелип, 14-январь күнү төрт киши кармалган. Алар Жазык кодексинин «Адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо» беренеси боюнча айыпталып, камакка алынышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG