Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 14:51

Дүйшөмбүдө эски автоунааларды такси катары пайдаланууга тыюу салынды


Дүйшөмбү шаарындагы таксилер.

Тажикстандын Транспорт министрлиги 2014-жылга чейин өндүрүлгөн автоунааларды Дүйшөмбү шаарында такси катары пайдаланууга тыюу салды.

Бийликтин маалыматына караганда, күн сайын борбор калаада 2 300 автоунаа такси кызматын көрсөтсө, алардын жарымына жетпегени гана жаңы талаптарга жооп берет.

Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Жумахон Давлатовдун айтымында, калаадагы такси кызматын көрсөткөн компаниялар эски автоунаалардан арыла башташты.

- Дүйшөмбүдөгү 11 компаниянын бирөөндө гана 2017-жылкы автоунаалар колдонулат. Калгандары акырындык менен автопарктарын жаңылай башташты. Жаңы эрежелер биринчи кезекте коопсуздук максатынды киргизилди. Заманбап автоунааларда бардык коопсуздук чаралары каралган. Биздин максат — коопсуздуктун жана тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу, — деди Давлатов.

Өз кезегинде шаарда эски автоунаа менен жүргүнчү ташып жан баккан айдоочулар бийликтин бул чечимине нааразы болушууда.

XS
SM
MD
LG