Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Бишкек менен Ошто мамлекеттик кризистик борборлор ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жакын арада Бишкек жана Ош шаарларында үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн эки мамлекеттик кризистик борбор ачылат. Бул тууралуу 16-январда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Аялдар иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

— Мындан тышкары бардык шаарларда жана айыл өкмөттөрдө Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер – туруктуу иштей турган коллегиялык орган негизделет. Ал үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча өз ара иштешүү жана координациялоо үчүн мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарынын, диний, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башка жергиликтүү коомчулуктардын активдүү мүчөлөрүнөн түзүлөт, — деди Өмүрбекова.

Анын айтымында, үй-бүлөдөгү зомбулук маселесин чечүү үчүн мамлекеттик институттар менен коомдун кийгилишүүсү зарыл.

— Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул жабырлануучу маселесин өз алдынча жеңип чыга албай калган кырдаал. Бул жерде үй-бүлөнүн эң аярлуу мүчөсү - аялдар, балдар, кары-картаңдар жана майыптар жабыр тартып жаткандыктан, мамлекеттик институттардын жана коомдун кийгилишүүсү зарыл, — деди Өмүрбекова.

2020-жыл башталгандан бери өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан эки аял каза тапты. 1-январда Кочкор районунда 37 жаштагы аял, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөлөрүнүн ур-токмогунан көз жумган. Учурда бул эки кылмышка шектүүлөр кармалып, сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. Азыр анын 33 жаштагы аялы ооруканада даарыланууда.

Өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8159 арыз катталса, алардын 554ү гана сотко жөнөтүлгөн. 7045 иш тосмо арыз жазылгандыктан кыскартылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG