«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 18-январда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3;
Таласта түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3;
Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10;
Бийик тоолуу райондордо -25…-30, күндүз -9…-14 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -10…-12°, күндүзгү жогорку температурасы 0…2 градус болот.