Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Иран: Али Хаменеи жума намазда өзү имамдык кылды


Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи.
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи.

Иранда жогорку лидер аятолла Али Хаменеи 17-январда жума намазда өзү имамдык кылды. Ал сегиз жылдан бери элди намазга жыга элек болчу.

Тегерандагы Мосалла мечитиндеги баянында 80 жаштагы Хаменеи жарандарды биримдикке чакырды жана Батыштын "Иран элин чөгөлөтүүгө күчү жетпесин" айтты.

Ал ушул айдын башында Ирандын Ирактагы америкалык аскерлер жайгашкан базаларга сокку урганын "менменсинген державаны жаакка чабуу" катары сыпаттады.


"Украинанын эл аралык аба жолдору" компаниясына таандык учак 8-январда таңга маал Тегерандан Киевди көздөй учуп чыккандан көп өтпөй эле кыйрап калган.

Кырсык 176 адамдын өмүрүн алган. Каргашадан төрт күн өткөндөн кийин гана Иран учакты кокусунан атып алганын мойнуна алган. Буга байланыштуу өлкөдө нааразылык акциялар өткөн жана анда бийликке, анын ичинде Али Хаманеиге сын-дооматтар айтылган.

Иранда учак кырсыгына байланыштуу бир канча адам кармалган жана президент Хасан Роухани атайын сот түзүүнү сунуштаган.

XS
SM
MD
LG