Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Ирандын АКШ аскер базаларына урган соккудан 11 жоокер жабыркаган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ армиясынын командачылыгы 8-январда Иран Ирактагы базаларды аткылаганда америкалык 11 жоокердин денесине доо кеткенин билдирди.

Буга чейин президент Дональд Трамп соккудан "бир дагы америкалык жабыркаган жок, базалар олуттуу зыянга учураган эмес" деп айтып келген.

16-январда жарык көргөн билдирүүдө Борбордук командачылыктын өкүлү капитан Билл Урбан "Аль-Асад авиабазасына чабуулдан АКШ аскерлери жоготууга учураган эмес, бир нече киши жараат алган белгилер аныкталып, алар көзөмөлгө алынды", - деп маалымдады.

Сокку урулган маалда базада америкалык 1,5 миңдей жоокер болгон. Көбү ракета атылганын кабарлаган белгиден кийин бункерлерге жашына калышкан.

Иран Ирактагы Айн ал-Асад жана Харир аба базаларын ракетадан аткылоону генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу деп атаган. Ал базаларда “Ислам мамлекети" экстремисттик уюмдун жоочуларына каршы согушкан АКШ баштаган колиция аскерлери жайгашкан.

Ислам революция сакчыларынын корпусунун тандалма күчтөрүнүн кол башчысы Сулеймани 3-январда америкалык дрондун соккусунан каза болгон.

XS
SM
MD
LG