Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Катарда "Талибан" менен АКШнын өкүлдөрү сүйлөшүп жатат


"Талибандын" өкүлдөрү.
"Талибандын" өкүлдөрү.

Катарда тынчтык келишимин түзүү максатында "Талибан" кыймылы менен АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад баштаган топ эки күн бою сүйлөшүү өткөрдү.

Бул тууралуу талибдердин өкүлү Сухаил Шахин кабарлады. Ал "Твиттердеги" баракчасына жолугушууга "Талибандын" таасирлүү жетекчилеринин бири молдо Абдул Гани Барадар баштаган топ катышканын, сүйлөшүүлөр дагы бир канча күнгө уланарын жазды.

АКШ менен "Талибандын" сүйлөшүүсү өткөн айда жанданган. Бирок мындан көп өтпөй эле Залмай Халилзад «Талибан» кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүндө «кыска танапис» жарыяланарын билдирген. Буга талиб согушкерлери Баграмда америкалык негизги аскердик базанын жанында кош жардыруу уюштурганы себеп болгон.

Өткөн жылы күзүндө АКШ президенти Дональд Трамп ооган жергесиндеги 19 жылга аяк баскан согушка чекит коюуну максат кылган сүйлөшүүлөрдү токтотуп койгон. Ага да талибдердин чабуулдары себеп болгон.

XS
SM
MD
LG