Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын уюштуруу комитети түзүлдү


Исхак Раззаков.
Исхак Раззаков.

Кыргыз өкмөтү Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түздү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бекиди. Ал эми уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары катары өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров бекитилди.

Иш-чараны уюштуруу, методикалык жана башка жактан камсыздоо Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлүп, ал эми Финансы министрлигине зарыл болгон каражатты бөлүп берүү тапшырмасы берилди.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон.

Мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Ош облусунун Лейлек районунда төрөлгөн. 1945-жылы Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон.

1961-жылдын 9-майында “улутчулдук саясат жүргүздү” деп күнөөлөнүп, кызматынан алынган. Өмүрүнүн акыркы жылдарын Москвада өткөрүп, 1979-жылы каза болгон. 2000-жылы сөөгү Кыргызстанга кайтарылып, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Бишкекте Исхак Раззаковдун 1950-жылдан 1961-жылга чейин жашаган үйү музейге айланган.

XS
SM
MD
LG