Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Ысык-Көлдө егерди барымтага алган браконьер кармала элек


Иллюстрация.
Иллюстрация.

2019-жылдын 26-ноябрында Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө аркарды аткан адам кармала элек.

Биотүрдүүлүктү сактоо, өзгөчө корголуучу аймактар департаментинин Ысык-Көл башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Үсөнбаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, айыптуу адам жоопко тартыла элек.

Анын айтымында, 26-ноябрда Б. Т. аттуу жаран аркар аткан жеринен кармалып, егерлер анын ок атуучу куралын алган. Мындан кийин жергиликтүү тургун үйүнөн башка курал алып келип, эки егерди үч сааттай барымтага алган. Бул убакытта алар тарткан сүрөттөрдү жана видео далилдерди уюлдук телефонунан өчүрткөн.

"Кийин адистер өчүрүлгөн видео жана сүрөттөрдү калыбына келтирген. Далилдердин бар экенине карабай, милиция чара көрбөй жатат", - деди Төлөгөн Үсөнбаев.

Окуя боюнча Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмү иш козгогон. Бирок егерлерди барымтага алган адам азыркыга чейин ээн-эркин жүрөт. Ысык-Көл облустук милициясы азырынча бул иш боюнча маалымат бере элек. (SDz/KS)

XS
SM
MD
LG