Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 17-февраль, 2020 Бишкек убактысы 10:50

Кыргызстан ЕАЭБдин финансылык рыногу боюнча макулдашууну ратификациялады


ЕАЭБдин жана ага кирген мамлекеттердин желектери.

Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттердин финансылык рынок чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

Бул мыйзамды Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 2019-жылдын 12-декабрында кабыл алган. Ага ылайык Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бул макулдашуу ЕАЭБдин алкагында жалпы финансылык рынокту түзүү, финансылык кызмат көрсөтүү секторлорунда (банк секторунда, камсыздандыруу секторунда, баалуу кагаздар рыногунда кызмат көрсөтүү секторунда) иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууга лицензияларды өз ара таанып, камсыз кылуу жана ЕАЭБдеги мамлекеттердин финансылык рыногуна дискриминация кылбай жетүү максатында иштелип чыккан.

Макулдашуу ЕАЭБге кирген мамлекеттердин банк, камсыздандыруу секторлорундагы жана баалуу кагаздар рыногунун кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын финансылык рынок чөйрөсүндөгү эл аралык принциптердин жана стандарттардын негизинде шайкеш келтирүүнүн багытын жана тартибин аныктайт.

ЕАЭБ алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылдан кийин бул уюмга Армения жана Кыргызстан кошулуп, ал азыркы аталышына ээ болгон. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG