Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:38

Депутат чек арадагы Максат айылынын башчысын коргоп чыкты


Депутаты Жанарбек Акаев жана Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев. Акаев «Фейсбук» баракчасына койгон сүрөт.
Депутаты Жанарбек Акаев жана Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев. Акаев «Фейсбук» баракчасына койгон сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаевди коргоп чыкты. Бул тууралуу ал «Фейсбук» баракчасына жазды:

«Баткендеги чек аралаш Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаевди вице-премьер-министр зекип, кызматтык иликтөө жүргүзүп, керек болсо иштен алууну тапшырыптыр. Ошол иликтөөгө мени да чакырып, угуп койсоңор. Сапарали акени Бишкекте эмне иш кылып жүрөсүң деп доомат коюп жатат, аны мына борборго келгенде Акүйгө мен чакырганмын! Өткөндө Максат айылына барып, бир нече социалдык проблемаларды тизмектеп алганбыз, айрымдарын кыска убакытта чечтик. Эми дагы мектепке интерактивный доска керек, жана башка маселелерди катка тизмектеп жазып келди. Жолуктук, каттарды берди, чек араны бир жаңсыл кылып чечип салуу ушул учурда колубуздан келбей турса да, инфраструктура, социалдык көйгөйлөр менен колубуздан келгенче аракет кылып иштей берели деп сүйлөштүк. Бул факт».

Жанарбек Акаев Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаевдин 15-январда чек араны чечүүнү талап кылып чыккан эл менен кошо нааразылык акциясында жүргөнү тууралуу да пикирин жазды:

«Ал эми митингде сүйлөгөнүн да көрдүм, кабатыр болуп чогулган элге реалдуу абалды түшүндүрүп бериптир, анын эмнеси кылмыш? Эмгек өргүүсү убагында болуп жатат мунун баары, баласынан кабар алганы борборго келип, минтип эл көйгөйүн кошо көтөрүп жүрөт жанына. Митингге чыккандар бийликти талашкан жок, ызы-чуу салган жок, талаптарын айтышты. Жарандар чогулуп пикирин айткан окуядан чочубаш керек, аларды угуш керек. Өмүрүн тобокелге салып, жерин коргоп ошол жерде иштеп жаткандарды куугунтуктагандын ордуна, маселени алар менен акылдашып, сунуштарын угуп, бирге чечкенибиз туура болот. Чек арадагы элдин духун ого бетер түшүрбөй, эл менен камыр-жумур иштеп жаткан айыл башчыдан колуңарды тарткыла!»

16-январда Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча кеңешмеде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара боюнча Бишкектеги митингге катышкан айыл башчы жана айылдык кеңештин төрагасына карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү сунуш кылган. Анда Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев Бишкектеги чек арага байланышкан митингге катышканы да сынга алынган.

Адинаев «Азаттык» радиосуна берген маегинде 8-январдан тартып эмгек өргүүсүндө экенин, Бишкекте окуп жаткан уулу ооруп, аны дарылатканы келгенин билдирген. Ошол эле учурда ал парламент депутаттарына чек ара маселесин жеткирүүнү максат кылганын жана Жогорку Кеңештин алдында митингде сөз сүйлөөгө мажбур болгонун айткан. (MdN\ErN)

XS
SM
MD
LG