Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

ФСБ украин журналистине 2054-жылга чейин Орусияга кирүүгө тыюу салды


Тарас Ибрагимов.
Тарас Ибрагимов.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) «Крым.Реалии» редакциясы менен кызматташкан украиналык журналист Тарас Ибрагимовдун Орусиянын аймагына жана аннексияланган Крымга киришине тыюу салды. Бул тууралуу аталган редакция кабарлады.

Крымга өткөн чек арада Ибрагимовго чек арачылар берген токтомдо чектөө 2054-жылдын май айынынын аягына чейин коюлганы жазылган. Журналисттин сөзүнө караганда кызматкерлер тыюу эмнеден улам салынганын түшүндүрүшкөн эмес, жагдай документте да жазылган эмес.

Ибрагимов өзү муну журналисттик ишмердүүлүгү жана Орусиядагы, Крымдагы татарлардын үстүнөн жүргөн соттук иштерди чагылдырган басылмада эмгектенгени менен байланыштырат. Ал кабарлагандай чек арада анын бармак издерин алып, сүрөткө тартып, коё берип жиберишкен.

2018-жылдын ноябрында ФСБ украиналык башка журналист, «Крым.Реалии» менен кызматташкан Алёне Савчукка 2028-жылга чейин Орусияга кирүүгө чектөө койгон. Савчук Крым татар активисттерин куугунтуктоо жана саясий өңүттөгү соттук жараяндар тууралуу жазып келген.

Орусиянын бийлик органдары аннексияланган Крымда журналисттердин ишмердүүлүгүнө чектөө салып жатканын эл аралык укук коргоо уюмдары жана Батыш өлкөлөрү бир канча жолу сынга алышкан.

«Крым.Реалии» - «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматынын Крымга арналган долбоору. Ал редакция Орусия Федерациясы Крым жарым аралын басып алып, андан кийин аннексиялап алган 2014-жылдан бери иштеп келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG