Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:12

2019-жылы ички дүң өнүм 590 млрд. сомду түздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баштапкы эсептөөлөр боюнча 2019-жылдын январынан тартып декабрына чейин кошкондо Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 590 млрд. сомдон ашык каражатты түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 4,5% көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылы ИДӨнүн көлөмү 2018-жылдын январь-декабрынын деңгээлинен 3,8% өсүү менен 543 млрд. сомдон ашты.

ИДӨнүн өсүшү негизинен өнөр жай, курулуш чөйрөсү, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Дүң өнүмдүн түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү тармактарына (46,9%) туура келди, товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 39,7% жетти.

Өкмөттүн алгачкы эсебинде ички дүң өнүм 2019-жылы 604 млрд. 707,4 млн. сом, өсүш темпи 4,0% деп болжолдонгон. «Кумтөр» кен казуу ишканасын эсепке албаганда, өсүш 3,8% болот деп күтүлгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ИДӨнүн көлөмү 2018-жылы 569 млрд. сомдон ашык, 2017-жылы 530 млрд. сомдон ашык сумманы түзгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG