Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Кара-Сууда элдик радио иштей баштады


«Кызыл-Суу FM элдик радиосу».
«Кызыл-Суу FM элдик радиосу».

Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында «Кызыл-Суу FM элдик радиосу» обого чыга баштады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна аталган элдик радионун негиздөөчүсү Илгиз Айдарбеков билдирди. Анын айтымында, айылдагы мектептин имаратында жайгашкан чакан радио FM 106 жыштыгында обого чыгат.

- «Кызыл-Суу FM элдик радиосун» Кызыл-Суу айылы гана уга алат. Андан узакка чагылдырууга техникалык мүмкүнчүлүк азырынча жетпейт. Радиодо азыр музыка гана берип жатабыз. Келечекте айыл жериндеги жана өлкө аймагындагы жаңылыктар, мектеп окуучуларына пайдалуу кеп-кеңештер, жарыялар эфирден берилет. Айылда бир да радио тартчу эмес экен, буга чейин. Радио саясий көз карашты чагылдырбайт, - деди Илгиз Айдарбеков.

«Кызыл-Суу FM элдик радиосунда» мектеп мугалимдери, айылдагы чыгармачыл адамдар иштешет. Элдик радиону негиздөөгө кеткен чыгымды Илгиз Айдарбеков өзү каржылаган.

Кызыл-Суу айылы район борборунан 60 чакырым алыста, тоолуу аймакта жайгашкан. Айылда алты миңден ашуун калк жашайт. (MdN)

XS
SM
MD
LG