Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:40

Кыргызстандагы христиандар чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү


Ош шаарында, Ак-Буура дарыясындагы жапырт чөмүлүү жөрөлгөсү.
Ош шаарында, Ак-Буура дарыясындагы жапырт чөмүлүү жөрөлгөсү.

Бүгүн, 19-январь күнү дүйнөдөгү бардык православдар сыяктуу эле Кыргызстандагы православ христиандары ыйык чокундуруу майрамын белгилешти. Мунун алкагында Бишкек шаарынын чет-жакасындагы кыштактарда, Ош жана Каракол шаарларында христиандар дарыяларга жана атайын көлмөлөргө чөмүлүү жөрөлгөсүн өткөрүштү.

Кафедралык Ыйык Жекшемби чиркөөсүндө (Свято-Воскресенский кафедральный собор) өткөн литургияны Кыргызстандын жана Бишкектин епискобу Даниил алып барды. Жыйында епископ жалпы православдарды майрамы менен куттуктады.

Массалык чөмүлүү Чүй облусунун Сосновка, Ленин, Новопокровка жана Воронцовка айылдарында болду.

Ош шаарында Архангел Михаил православ чиркөөсүндө алгач майрам кудайдан ырайым суроо, ага сыйынуу менен башталды. Чиркөө кызматкерлери баштаган топ чырым (крест) көтөрүп, жүрүш менен Ак-Буура дарыясына түшүп, чокунуу ошол жерде өттү. Чиркөөнүн жетекчиси Виктор Реймген «Азаттыкка» интервью берип жатып мурдагы жылга салыштырмалуу быйыл майрамга көп киши катышканын, 300дөн ашык киши келгенин айтты.

Диний саамалык өтүп жаткан жерлердин айрымдарында Өзгөчө кырдаалдар министригинин кызматкерлери көз салып турушту.

Рождество менен чокундуруунун ортосундагы мезгил «Святка» деп аталат. Бул күнү христиандар чиркөөдө түнү менен сыйынып, таң эрте чоң сууга түшүп, чайынат. Христиандар ыйык суу бардык күнөөлөрдү жууп кетет деп ишенишет. (DU\ErN)

XS
SM
MD
LG