Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Манасчы Сапарбек Касмамбетов дүйнөдөн кайтты


Сапарбек Касмамбетов. Архивдик сүрөт.
Сапарбек Касмамбетов. Архивдик сүрөт.

Манасчы, төкмө акын, эл агартуунун мыкты кызматкери Сапарбек Касмамбетов 87 жаш курагында 19-январда дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын шакирттери кабарлашты.

Манасчы акыркы убакта ооруканада дарыланып жаткан.

Касмамбетов коомдук уюмдар тарабынан буга чейин «Эл манасчысы» жана «Залкар манасчы» деген наамдарды алган. Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу, «Манас-1000» юбилейлик медалынын жана «Даңк» медалынын ээси, 1987-жылдан бери Кыргызстанда өткөрүлгөн «Манас» айтуунун жети жолку жеңүүчүсү.

Сапарбек Касмамбетов манасчылыктан сырткары жазуучу катары да бир катар чыгармалардын автору. Ал «Эр Кошой» эпикалык чыгармасын айтып, аны өзүнчө китеп кылып чыгарган. Мындан сырткары «Асыл эне», «Билерик», «Балыкчы баяны», «Бала Манас» сыяктуу поэтикалык чыгармалары китеп болуп басылып чыккан.

Манасчылар Сапарбек Касмамбетов манасчы катары улуу дастанды балдарга жомок айтып берип жаткандай жумшак төгүп, так, түшүнүктүү тил менен баяндап бергени менен өзгөчөлөнгөнүн белгилешет. Маркумдун айтуусунда «Манастын» миңдеген саптары Улуттук илимдер академиянын өзүндө жана радио, телеканалдардын фондунда сакталып калды.

Сапарбек Касмамбетов 1934-жылы төрөлүп, Кочкордо окуп, таалим алган.

«Азаттык» маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына көңүл айтат.

(ZA\ErN)

XS
SM
MD
LG