Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Иранда атылган учакта мерт болгондордун сөөгү Киевге жеткирилди


Учакта каза болгондордун жакындары. Киев, Украина. 19-январь, 2020-жыл.
Учакта каза болгондордун жакындары. Киев, Украина. 19-январь, 2020-жыл.

Тегерандагы авиакырсыкта каза болгон Украинанын жарандарынын сөөгү Ирандан Украинага жеткирилди.

Киевдин «Борисполь» аэропортунда аза күтүү расмиси өттү. Ага Украинанын президенти Владимир Зеленский баштаган аткаминерлер, маркумдардын жакындары катышты. Аба майданында жарандары каза болгон өлкөлөрдүн туулары көтөрүлдү.

Зеленский мурдараак кырсыктын чоо-жайын толук изилдөөнү Ирандын бийлигинен талап кылууга жана каза болгондордун жакындарына кун өндүрүп берүүгө убада берген. Компенсацияны Украинанын бийлик органдары да төлөп берет.

«Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык учак 8-январда таңга маал Тегерандан Киевди көздөй учуп чыккандан көп өтпөй эле кыйрап калган.

Кырсык 176 адамдын өмүрүн алган. Анда Украинанын 11 жараны болгон, тогузу экипаждын мүчөлөрү, экөө жүргүнчүлөр болчу. Жүргүнчүлөрдүн көбү Ирандын жана Канаданын жарандары болгон.

Каргашадан төрт күн өткөндөн кийин гана Иран учакты кокусунан атып алганын мойнуна алган. Буга байланыштуу өлкөдө нааразылык акциялары өткөн жана анда бийликке, анын ичинде Али Хаманеиге сын-дооматтар айтылган.

Иранда учак кырсыгына байланыштуу бир канча адам кармалган жана президент Хасан Роухани атайын сот түзүүнү сунуш кылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG