Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Баткендеги социалдык шаарчанын тургундары үн катышты


Баткендеги Али Аль-Ганим жана Фаиза Аль-Харафи атындагы социалдык шаарча.
Баткендеги Али Аль-Ганим жана Фаиза Аль-Харафи атындагы социалдык шаарча.

Баткенде 2019-жылдын 5-октябрында пайдаланууга берилген социалдык шаарчанын тургундары турак үйлөрдүн сапатсыз курулганын айтып чыгышты. Социалдык шаарчада ар бири үч бөлмөлүү төрт батирден турган 25 үй салынган. Баткен мэриясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, майыптар үчүн курулган турак жай керектүү үй эмеректери менен камсыздалганын, 1700 метр түтүк жаткырылып, таза суу ар бир батирге тартылганын, кичи футбол аянты, мечит, ФАП, бала бакча курулганын билдирген. Бирок ал жерде жашап жаткан тургундар үйлөр сапатсыз болуп, таза суу келбей алыстан ташып жатышканын, канализация, ФАП жана бала бакча иштебей турганын билдиришти.

- Балам экөөбүздүн көзүбүз майыптыгынан ушул жерден үй берген. Бирок бизге убада берилгендей таза суу киргизилген эмес. Анан суу жок болсо да эл үйдүн ичинде ажаткананы иштетет экен. Канализация иштебегендиктен анын баары менин үйүмдөн чыгып жатат. Менин үйүм эң төмөндө жайгашкан. Мэрияга барып айтсам «ким салып берген болсо ошого барып айт» деди. Бизге үйдү арабдар куруп берген. Мен эми ал арабды кайдан табам?, - деди жергиликтүү тургун Райхан Юлдашева.

Баткендеги Али Аль-Ганим жана Фаиза Аль-Харафи атындагы социалдык шаарча 106 аз камсыз болгон үй-бүлө үчүн Кувейт өлкөсүнүн «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан салынган. Долбоорго «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси 103 млн. сом каражат жумшаган.

Социалдык шаарчаны куруш үчүн Баткен мэриясы 3,5 гектар жер бөлүп берген. (MdN)

XS
SM
MD
LG