Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Йеменде аба соккусунан 70 аскер курман болду


Ишембиде хусит тобунун ракетасы деген соккудан өкмөттүк 70 аскер мерт болду. Сокку Мариб провинциясындагы аскердик лагерге урулган. Ракета намаз маалында мечитке түшкөн. Курман болгондордун саны 70тен да көп болушу мүмкүн экени кабарланды.

Эл аралык коомчулук тааныган Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур Хади бул соккуну «коркоктук жана террордук» деп атап, сокку урган хусит - шииттердин радикал тобунун аркасында Иран турганын белгиледи.

2015-жылдын март айында Сауд Арабиясы жана башка суннит араб мамлекеттери аскердик өнөктүк баштагандан бери Йемендеги уруш 10 миңге жакын адамдын өмүрүн кыйды. Алардын жарымынан көбү жай тургундар. Көпчүлүгү аба соккуларынан каза табышкан.

Бириккен Улуттар Уюму Йемендеги гуманитардык кырдаалды эң олуттуу кризис деп эсептейт. Жаңжалдан улам 22 миллиондой киши гуманитардык жардамга муктаж.

XS
SM
MD
LG