Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 27-февраль, 2020 Бишкек убактысы 14:41

Матраимовдордун үч медиага жазган арызы боюнча сот уланат


20-январда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча экинчи сот отуруму өтөт.

Анда иштин мазмуну боюнча соттук жараян башталат. 19-декабрдагы баштапкы жыйында доочулардын адвокаттарынын өтүнүчү менен видеого тартууга тыюу салынган.

Алгачкы соттук отурумда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова Матраимовдун бажыдагы коррупциялык схемалары боюнча биргелешкен журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды соттук процесс жүрүп жаткан маалда таратууга тыюу салуудан баш тарткан.

Кеп болгон иликтөөдө Матраимовдордун Саймаити менен байланышы боюнча, алардын Дубайдагы мүлкү, Исмаил Матраимов атындагы фондго түшкөн каражаттар боюнча маалыматтар бар. Матраимовдордун адвокаттары берүүдө келтирилген маалыматтарды сот каралып жаткан маалда таратууга тыюу салууну өтүнгөн болчу.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Анда аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койгон. Кийинчерээк Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер кайра камактан чыгарылган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (8)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG